01:57 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жоомарт Токаевдин архивдик сүрөтү

Токаевдин инаугурациясына башка өлкөнүн бир да президенти катышпайт

© Sputnik / Владислав Воднев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
412 0 0

Казакстандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы бүгүн Нур-Султан шаарында өтүп жатат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясына башка өлкөнүн бир да президенти катышпайт. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнь күнү өтүп, Токаев шайлоочулардын добушунун 70,96 пайызын алган. Андан үч күндөн кийин эле инаугурациясы өтүп жатат. "Президент эл алдында казак тилинде ант бергенден кийин дароо мамлекет башчылык ишине киришет. Инаугурацияга парламенттин депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку соттун судьялары жана өлкөнүн мурдагы президенттери катышат", — деп кабарланган маалыматта.

Токаевдин инаугурациясы шашылыш өтүп жатканынын себеби - Бишкектеги ШКУ саммитине өз статустунда барышына шарт түзүү экени айтылууда. Анын Бишкектен ары Тажикстанга да бара турганы маалым болду.

Тема боюнча

Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
Казакстанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат
Казакстандын президенти Токаевдин шайлоодон кийинки биринчи билдирүүсү
Белгилер:
ант, саммит, инаугурация, Казакстан, Касым-Жоомарт Токаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ