Ташкентте айдоочу аял топтошкон адамдарды койдуруп, бир бала каза тапты. Видео

© AFP / FAYEZ NURELDINEАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келин газ менен тормозду алмаштырып алган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ташкентте Nexia 3 үлгүсүндөгү унаа топтошуп турган адамдарды койдуруп, натыйжада бир бала каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Маалыматка караганда, айдоочунун айынан кварталдагы ички жолдун четинде турган үч өспүрүм дагы машина алдында калган. Анын кесепетинен балдардын бири каза тапса, экинчиси ооруканада жатат. Абалы туруктуу. Үчүнчү бала текшерүүдөн өтүп үйүнө кое берилди.

Милициянын маалыматы боюнча, айдоочу аял газ менен тормозду алмаштырып алганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0