Казакстан БШКсы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүКазакстандагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан жарандар
Казакстандагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан жарандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө 9-июнь күнү кезексиз президенттик шайлоо болуп өттү.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Казакстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын добушунун 70,96 пайызына ээ болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Кечээ эртең менен шайлоонун алдын ала жыйынтыгын бергенбиз. Бирок кечке чейин Нур-Султан, Алматы, Шымкент жана башка шаарлардан протоколдор келди", — деди БШКнын төрагасы Берик Имашев.

Маалыматка ылайык, талапкерлер төмөндөгүдөй добуш алды:

  • Касым-Жомарт Токаев – 70,96 пайыз (6 539 715);
  • Амиржан Косанов – 16,23 пайыз (1 495 401);
  • Дания Еспаева – 5,05 пайыз (465 714);
  • Толеутай Рахимбеков – 3,04 пайыз (280 451);
  • Амангельды Таспихов – 1,98 пайыз (182 898);
  • Жамбыл Ахметбеков – 1,82 пайыз (167 649);
  • Садыбек Тугел – 0,92 пайыз (84 582).

Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токаев: Бишкектеги саммитке өз статусумда барышым керек
"Бүгүн эки ай бою жүргүзүлгөн шайлоо кампаниясын аягына чыгарып, жыйынтыгын чыгардык. Өлкөгө президент шайланды. Казакстандыктарды куттуктайм", — деди Имашев.

Лидерлер үчилтигине Касым-Жомарт Токаев, Амиржан Косанов жана жалгыз аял талапкер Дания Еспаева кирди.

Дүйшөмбү күнү жаңы шайланган президент Касым-Жомарт Токаев алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Ал шайлоонун жыйынтыгын өзүнө жеңиш деп атоодон баш тартып, бул нерсе казакстандыктардын саясий маданиятынын олуттуу түрдө жогорулаганынан кабар берерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0