Үй-бүлөңөр менен болгула! Мирзиёев жекшембиде иштөөгө тыюу салды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым
Президент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент убакытты алган жыйындарды, зарылдыгы жок отчет берүүлөрдү кыскартуу талабын койду.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Мындан ары Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер ишембиде саат 17.00гө чейин иштеп, жекшемби күнү таптакыр ишке келбеши керек. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин билдирүүсүнө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Мирзиёев кызматкерлер дем алыш күнүн үй-бүлөсүнө арнашы керек деп эсептейт. Андыктан узакка созулган жыйындарды, зарылдыгы жок отчет берүү жана маалымат алуулардын санын кыскартуу талабы коюлду. 

"Кызматкерлер бардык милдеттерин иш күндөрү аткарып бүтүүгө жетишиши керек. Ал эми дем алыш күндөр үй-бүлө, бала-чакага арналуусу зарыл", — деп айтты президент.

Үй-бүлө демекчи, өткөн аптада Мирзиёевдин кызы Саида өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына атасы казандын жанында турган сүрөтүн жайгаштырган. Ал сүрөттүн алдына атасы үй-бүлөлүк майрамдагы дасторконго ашты өзү басарын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0