Кыз-жигиттин жашоосу алаканга салгандай көрүнүп турат. Алматыдагы өзгөчө шоу

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүМосква готовится к встрече Нового года
Москва готовится к встрече Нового года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчү он күндөн кийин аныкталат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Алматыда бир нече күндөн бери "Нестеватр" аталышындагы шоу өтүүдө. Анда кыз менен жигит эки жума бою элге көрүнүп турган айнек бөлмөдө жашайт. Бул туурасында Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Каалоочулар алардын жашоосун көчөдөн же социалдык тармактагы түз эфирлерден көрүүгө болот.

"Нестеватр" мындан 17 жыл мурда чыккан россиялык "Айнек артында" шоусуна окшошуп кетет. Бирок анын "Аңдыганга тыюу салынат. Карап турууга мүмкүн эмес" деген урааны казакстандык долбоорго таандык эмес. Шоунун катышуучуларынын жашоосуна күнү-түнү интернеттен көз салып турууга болот. Өткөн-кеткендер болсо алар менен жаңсап сүйлөшө алат.

Долбоорго катышкандар өз жашоолорун Instagram баракчасында сүрөттөп, «лайк» топтой алышат. Ким социалдык тармакта белгилүү боло алса, миллион теңгеге ээ болот (болжолу менен 2,6 миң доллар).

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Не icтеп жатыр, Абылай? (@ablay_nestevatr)

Шоунун башталышында бөлмөдө оокат деле жок болот. Болгону кондиционер, сырткы адамдарга көрүнбөгөн санитардык түйүн бар. Ал эми тиричиликке керектүү нерселерди жана тамак-ашты катышуучулар топтогон «лайкынын» эсебинен таба алат.

Катышуучулардын бутуна электрошокер тагылып, эреже бузуулар болсо токтун кубаты менен уруп токтотот.

Эгер үч ирет тартип бузуу болсо, бөлмөдөгү пардалар түшүрүлүп, жашаган жер караңгыга айланат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Не icтеп жатыр, Зуля? (@zulya_nestevatr)

Поедем! Поедим! в Кыргызстане: опубликован выпуск популярного шоу — видео - Sputnik Кыргызстан
"Поедем! Поедим!" кулинардык шоусу Кыргызстан тууралуу берүүсүн жарыялады
Белгилей кетсек, шоунун катышуучулары — 24 жаштагы Зульфия менен 26 жаштагы Абылай психологдордун тыкыр көзөмөлүндө. Зульфия актерлук чеберчилик боюнча курстан өтүп, бир нече тасмага тартылууга үлгүргөн. Абылай "менеджмент жана финансы" адистиги боюнча магистратураны аяктаган. Ал үчүн элдин көзүнчө жашап көрүү — жашоодогу өзгөчө бир нерсенин даамын татуу. 

Психолог Александр Скуртул долбоор тууралуу пикирин айтып, интернет азыркы адамзаттын жашосунда чоң роль ойноп калганын жана адамзатты шоу үчүн эркиндигин чектөө туура эместигин белгилеген.

"Нестеватр" долбоорунун финалы 19-июнда болот. Уюштуруучулар эгер долбоор ийгиликтүү аяктаса, экинчи бөлүгүндө белгилүү адамдарды тартарын кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0