13:46 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Картошка. Архивдик сүрөт

8 млн. доллар! Өзбекстанда картошка үрөнүн өстүрүү боюнча лаборатория ачылат

© Sputnik / Александр Кряжев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
431 0 0

Сегиз миллион долларлык бул долбоорду Польша мамлекети каржылаганы турат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда картошка үрөнүн өстүрүү боюнча заманбап лаборатория курулганы жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Сегиз миллион долларлык бул долбоорду Польша мамлекети каржылаганы турат.

"Жыл сайын Өзбекстанга чет мамлекеттерден 20-30 миң тонна үрөн киргизилчү. Лаборатория курулса, керектүү көлөмдү камсыздай алат. Быйыл Өзбекстанда 135 гектар жерден 2,8 миллион тонна картошка алуу пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

2017-жылы Өзбекстанга Афганистан, Белоруссия, Иран, Казакстан, Россия жана Түркиядан 193 622 тонна картошка импорттолгон.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Эске салсак, былтыр кыргыз өкмөтү Өзбекстан менен ири көлөмдө картошка экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтып, Айыл чарба министрлиги дыйкандарга дал ушул жашылчаны эгүүнү сунуштаган. Мындан улам дыйкандар 1 миллион 400 миң тоннадан ашуун картошка өндүргөн. Анын 1 миллион 250 миң тоннасы ички керектөөгө (жегенге, келерки жылкы үрөнгө жана малдын тоютуна) кетип, калган 150 миң тоннасын экспорттоого туура келген. Бирок дыйкандар картошкаларын ойлогон көлөмдө сата албай калышкан.

Тема боюнча

Депутат: картошканы сатуу Экономика министрлигинин да милдети болчу
Министрликтен кеткен Мурашев картошкадан башка эмнеси менен эсте калды
Белгилер:
лабораториялар, Картошка, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ