11:47 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Мыйзамсыз митингди полиция кызматкерлери кайтарууда. Архивдик сүрөт

Казакстанда митинг учурунда улгайган киши көз жумдубу? Полициянын жообу

© REUTERS / Mariya Gordeyeva
Азия
Кыскача шилтеме алуу
1313 0 0

Нааразылык учурунда эркек кишинин каза болуп калганы туурасында маалымат тараган, буга полиция жооп берди.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги Нур-Султандагы мыйзамсыз митингдердин учурунда улгайган киши каза болгондугу туурасындагы маалыматты жокко чыгарды. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Жекшемби күнү интернетте "Нур-Султан шаарында кишилерди кармап жатканда бир киши көз жумду" деген маалымат тараган. Аны полиция кызматкерлери өлтүрө сабап салды дешкен.

ИИМдин маалыматына караганда, нааразылык учурунда улгайган киши эсин жоготуп жыгылган.

"Полиция кызматкерлери Тез жардамды чакырып, медиктер келгиче алгачкы меджардам көрсөтүшкөн. Анын өлгөнү тууралуу маалымат жалган", — деп айтышты ИИМден.

Жардам көрсөтүлгөндөн кийин эркек киши өзүнө келип, митинг өтүп жаткан жерден кеткен.

Буга чейин Нур-Султан жана Алматы шаарларында мыйзамсыз митингден бир нече кишилердин кармалганы тууралуу малымат тараган.

Эске салсак, бүгүн эгемен Казакстанда алтынчы ирет президенттик шайлоо болуп жатат. Анда президенттик тактыга жети талапкер ат салышууда.

Ал эми коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан 19-март күнү өз чечими менен четтеген.

Тема боюнча

Казакстандагы митинг: полиция 100дөй адамды кармады
Казакстанда президенттик шайлоо болуп жатат. Ага эл кандай катышууда
Белгилер:
президенттик шайлоо, полиция, Митинг, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ