Мирзиёевдин кызматтагы кызы бир нече демилге менен чыкты

© Фото / Facebook / Saida MirziyoyevaЗамдиректора Агентства информации и массовых коммуникаций при администрации президента РУз Саида Мирзиёева
Замдиректора Агентства информации и массовых коммуникаций при администрации президента РУз Саида Мирзиёева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Саида Мирзиёева Facebook тармагына билим берүүнүн ролу туурасында өзбекстандыктардын пикирин айтууну суранган.

БИШКЕК, 17- май — Sputnik. Өзбекстандын Маалымат жана массалык байланыш боюнча агенттигинин директорунун орун басары Саида Мирзиёева элдин пикирин билгенден кийин өлкөдөгү билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү аныктады. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды. 

Мектептин ролу туурасында интернетке калтырылган пикирлерди анализдеп чыккандан кийин президент ишке ашыруу керек деген демилгени карап, көйгөйлүү делген беш учурду бөлүп көрсөткөн.

Алар айылдагы мектептердин канааттандырбай турган абалы, мугалимдер менен окуучуларды мажбурлап иштетүү, квалификациялуу педагогдордун аздыгы жана аларга кагаз иштерин үйүп салуу, балдардын талантын өстүрө турган предметтердин жетишсиздиги болгон. Мындан сырткары, компьютер класстары жана интернет менен камсыздоо маселеси курч турганы белгиленген.

"Сабактардагы мобилдик телефондор, мектеп формасы, окуучулардын укуктук сабаттуулугу жана бекер футбол талаалары боюнча суроолор", — деп белгилеген президенттин кызы Facebook баракчасына.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы, Маалымат жана массалык коомуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басары Саида Мирзиёева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёевдин кызы элге Facebook аркылуу кайрылды
Ал тиешелүү министрлик жогорудагы маселелерди чечүү боюнча ишти баштаганын, бирок буга убакыт керектигин айткан. Ал үчүн эксперттик талкуулар жүргүзүлүп, андан сырткары, зарыл делген документациялар даярдалышы керектигин белгилеген.

Эске салсак, президенттин беш демилгесинде мамлекеттин келечектеги өнүгүүсү үчүн негизги делген маселелер камтылган. Алардын арасында жаштарды искусствого кызыктыруу, жаштардын спорт менен машыгуусу, элдин маалыматтык коммуникациялык технология боюнча тажрыйбасын арттыруу каралган. Андан сырткары, жаштардын демин көтөрүү, китеп окууга үгүттөө, аялдар үчүн жумуш орундарын түзүү маселеси да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0