Димаштын оозунан фонтан чыгарып. Кытайда тартылган видео

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПевец Димаш Кудайбергенов
Певец Димаш Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Димаш өзү кытайлыктардын бул эмгегин юмор менен кабыл алды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кытайда казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин сүрөтү тартылган таң калычтуу фонтан пайда болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Автордун ойлоп тапканы боюнча суу ырчынын оозунан, тагыраагы, тишинен атырылып чыгып турушу керек.

Димаш өзү кытайлыктардын бул эмгегин юмор менен кабыл алып, Instagram баракчасына видеосун жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Димаш ҚҰДАЙБЕРГЕН (@kudaibergenov.dimash)

"Ал ортодо Кытайда таң калтырган фонтандар пайда болду", — деп жазды ырчы.

Социалдык тармактардын колдонуучуларынын жазганына караганда, Чанша шаарында пайда болгон бул фонтандын бетинде сүрөттөр бат-баттан алмашып турат. Суу айрымдарынын мойнунан акса, айрымдардын мурдунан атырылып турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от zhongxindeying (@zhongxindeying)

Эске салсак, жакында эле ырчы кытайлык телеканалдардын бирине маек берип, анда өз таланты жана багыты тууралуу айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0