"Асмандан түштүңбү?!" Ачууланган Эмомали Рахмон бажычыны иштен алды. Видео

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүОткрытие первого гидроагрегата на Рогунской ГЭС в Таджикистане
Открытие первого гидроагрегата на Рогунской ГЭС в Таджикистане  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын президенти финансы, банк, бажы жана салык тармагынын кызматкерлери менен жолуккан.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Sputnik Тажикстан агенттигинин маалыматы боюнча, өлкө башчы бажы кызматында иштеген Шахбоз Раджабзоданы суракка алган.

Видео YouTube каналына жарыяланды. 

Раджабзода бажы тармагында иштегенине бир жыл сегиз ай болгон. Рахмон андан бул убакыт аралыгында канча машина сатып алганын сураган. Бирди деп жооп берген кызматкердин калпын чыгарып, Рахмон эки автоунаа алганы тууралуу маалыматы бар экенин айткан.

Россиянын дипломатиялык академиясын аяктаганын айткан Раджабзода кайра президенттин ачуусун келтирди.

"Начар окуганың үчүн сени чыгарып салышкан. Мына, жаш кадр. Күнөөң чачыңдан көп. Түшүндүңбү? Кайсы тармакта иштебе, жумушуңан айдалып кетчүсүң. Бул кызматка кантип келип калганыңды билбейм. Эч кимге баш ийбейт экенсиң, керек болсо эч ким менен учурашпайт да экенсиң. Эмне, асмандан түштүңбү? Мыйзам ким үчүн? Күнөөң жокпу? Кемчилигиң жокпу?" — деди Рахмон.

Президент бажычыдан арыз жазып, жумуштан кетүүсүн талап кылды.

"Жаш экенсиң, болбосо 15 жылга кесилмексиң! Чет өлкөгө которуп ийген акчаларды кайтарасың!" — деди өлкө башчы.

Рахмон жолугушууда банк, салык жана бажы тармагындагы негизги көйгөйлөргө көңүл бурду.

Жаңылыктар түрмөгү
0