Ташкенттен Балыкчыга поезд каттайт. Жол кире жана убакыт-сааты

© Sputnik / Табылды КадырбековТашкент — Балыкчы поезди. Архив
Ташкент — Балыкчы поезди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билеттер сатыкка чыкты. Сатып алынган мөөнөтүнө жана вагонго жараша 25 пайыздан 55 пайызга чейин жеңилдиктер болот.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. 6-июндан тарта Ташкент — Балыкчы каттамы боюнча поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Директор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дамир уулу: жакында Кыргызстанда туристтин паспорту иштей баштайт
Поезд ар бейшемби күнү Ташкенттен саат 20:50дө (Ташкент убактысы боюнча) чыгып, Бишкекке жума күнү саат 19:03тө келет. Андан ары саат 23:30да Балыкчы шаарына келип токтойт.

Ал эми поезд Балыкчы шаарынан ар ишемби сайын таңкы саат 04:59да чыгат.

Билеттер сатыкка чыкты. Сатып алынган мөөнөтүнө жана вагонго жараша 25 пайыздан 55 пайызга чейин жеңилдиктер каралган. Ал эми чакан топтор үчүн 30 пайызга чейин жеңилдиктер бар.

Жол кире:

Плацкарт вагону — 1 946 сом;
Купе — 2 461 сом;
"Люкс" вагон — 4 602.

Андан сырткары, вагондо ресторан болот.

Кошумча маалыматтарды (0312) 92-68-47, 92-68-54, 92-68-40, 30-02-09, 30-06-18, 92-74-75, 30-03-76 номерлери аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0