21:44 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.8618
  • RUB1.0823
Ташкент — Балыкчы поезди. Архив

Ташкенттен Балыкчыга поезд каттайт. Жол кире жана убакыт-сааты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азия
Кыскача шилтеме алуу
16520

Билеттер сатыкка чыкты. Сатып алынган мөөнөтүнө жана вагонго жараша 25 пайыздан 55 пайызга чейин жеңилдиктер болот.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. 6-июндан тарта Ташкент — Балыкчы каттамы боюнча поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Поезд ар бейшемби күнү Ташкенттен саат 20:50дө (Ташкент убактысы боюнча) чыгып, Бишкекке жума күнү саат 19:03тө келет. Андан ары саат 23:30да Балыкчы шаарына келип токтойт.

Ал эми поезд Балыкчы шаарынан ар ишемби сайын таңкы саат 04:59да чыгат.

Билеттер сатыкка чыкты. Сатып алынган мөөнөтүнө жана вагонго жараша 25 пайыздан 55 пайызга чейин жеңилдиктер каралган. Ал эми чакан топтор үчүн 30 пайызга чейин жеңилдиктер бар.

Жол кире:

Плацкарт вагону — 1 946 сом;
Купе — 2 461 сом;
"Люкс" вагон — 4 602.

Андан сырткары, вагондо ресторан болот.

Кошумча маалыматтарды (0312) 92-68-47, 92-68-54, 92-68-40, 30-02-09, 30-06-18, 92-74-75, 30-03-76 номерлери аркылуу алууга болот.

Тема боюнча

Өзүнчө эле турист! Жээнбеков командировкага чыккан аткаминерлер тууралуу
Исмаилов: турист блогердин жазганы менен бара турган өлкөнү тандайт
Жоош деп ойлобо! Буйвол турист бараткан автоунааны бир челди
Өкмөт башчынын Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча күмөнү бар
Кыргызстанга самокат менен келген турист: ашууда жылаңач калганым кызык болду
Белгилер:
темир жол, Балыкчы, Ташкент, Кыргызстан, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ