Айырма 64 млрд. доллар! Казакстан менен Кытай бажыдагы эсеп-чотту тактайт

© Sputnik / Руслан КривобокЧек арадагы жүк ташуучу унаалар. Архив
Чек арадагы жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак бийлиги Кытай менен кол коюлган документти тарыхый деп аташты.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Казакстан менен Кытайдын бажы кызматтары чек арадан өткөн жүк боюнча онлайн түрүндө маалымат алмашууну макулдашты. Мындай аракеттер "Бир алкак — бир жол" форумунун алкагында ишке ашканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ага ылайык, кол коюлган документ тарыхый мааниге ээ. Эми казак менен кытай бажычылары чек арадан өткөн жүк боюнча маалыматтарды алмашып, методологиялык жана маалымдоо жагынан да бирге иштешүүгө жол ачылды.

Тигүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Панкратов: "Кыргызстанда жасалган" бренди жасалмалана баштады
Казакстандын мамлекеттик кирешелер боюнча комитетинин төрагасы Марат Султангазиевдин айтымында, мындай жылыштар чек арадан өткөн товарларды жана алардын баасын так чыгарууга жардам берет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин Кытай менен Казакстандын бажысынан өткөн товарлар боюнча эки мамлекеттин тийиштүү органдарынын маалыматтарын салыштырган. Акыркы 15 жылда Кытайдын эсеп-чоту боюнча Казакстанга 130,6 миллиард долларлык товар алынып келген, ал эми казак тараптын билдиришинче, Кытайдан 66,6 миллиард доллар товар келген. Эки мамлекеттин маалыматында 64 миллиард долларлык айырма бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0