Nur Otan президенттикке талапкердин атын атады

Жазылуу
Nur Otan партиясынын курултайынын делегаттары Нурсултан Назарбаев сунуштаган талапкерди бир добуштан колдоду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоого катышып, Елбасы Нурсултан Назарбаевдин баштаган ишин улантмай болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

"Елбасы мени колдоп жана сунуштаганы үчүн чын дилимден ыраазылык билдирем. Мага жүктөлгөн жоопкерчиликти жана анын салмагын сезип турам. Мага көрсөтүлгөн ишенимди актоого ант берем", — деди ал.

Токаев мамлекетти өнүктүрүү үчүн Нурсултан Назарбаевдин баштаган ишин улантарын айтты.

Nur Otan делегаттарынын баары партиянын кезексиз XIX съездинде 623 добуш менен Токаевдин талапкерлигин колдоду.

Талапкерди партиянын лидери Нурсултан Назарбаев сунуштаган.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Назарбаев "Нур Отан" партиясынын жыйынында жашып кетти
"Касым-Жомарт Токаев эң татыктуу талапкер деп билем. Бардык депутаттарды биздин партиянын талапкерине добуш берүүгө чакырам. Касым-Жомарт Токаевдин дипломатиялык рангын чет өлкөдө да жакшы баалашат. Сенаттын төрагасы учурунда менин жакшы жана ишенимдүү үзөңгүлөшүм болуп жүрдү. Баштаган иштерим менен көтөргөн демилгелеримдин баарын колдоп келди", — деген Назарбаев.

Токаев Казакстандын президенттигине Назарбаев отставкага кеткенден кийин, 2019-жылдын 20-мартында, киришкен.

Казакстанда президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү 2019-жылдын 28-апрелине чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0