Өспүрүм буту баспаган досун көтөрүп жүрөт. Жүрөк элжиреткен видео

© Sputnik / Владимир СергеевПриродно-ландшафтный парк "Зарядье" в Москве
Природно-ландшафтный парк Зарядье в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын Сычуань провинциясындагы классташтар Чжан Цзе менен Сюй Биньян интернет жылдызына айланды. Алардын достугу көпчүлүккө үлгү болгудай.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Сюй алты жылдан бери классташын мектепке алып келип, кайра алып кетет. Чжан Цзе миастения дартынан жабыркайт. Ал булчуңдардын нервинин оорусу, адамдын булчуңдары алсызданып, денени кармай албай калышынан жабыркайт.

Видеодо досун жонуна көтөрүп алып, башка балдардан калбай тепкичтен жогору чыгып бараткан өспүрүмдү көрүүгө болот.

Чжан өзү да бир аз басат, бирок ал тез эле чарчап калгандыктан, тепкичтен чыга албайт.

Мектептеги мугалимдердин айтымында, Чжанга башка балдар да жардам берет, бирок Сюй дайым анын жанында.

Жаңылыктар түрмөгү
0