Кытайлык студенттерге 1 миллион долларга алданган Apple. Сот башталды

© AFP / WANG ZHAO Продажа iPhone в Пекине
Продажа iPhone в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки студент компаниядан 1,5 миң долларга телефон аппаратын бекер өндүрүп алган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кытайлык эки студент жасалма iPhone аппаратын чыныгы гаджетке алмаштырганга үлгүрүп, Apple компаниясын 1 миллион долларга алдап кетти. Бул туурасында The Oregonian басылмасы кабарлады.

Студенттер АКШга жасалма iPhone алып келип, андан соң Apple компаниясына смартфонуңар иштебей жатат деп арыз жазган.

Бул кайрылуудан соң аталган компания шылуундарга 1493 гаджет берген да, студенттер аны Кытайга алып кетип, соодалап жиберген.

Окуянын чоо-жайы белгилүү болгон соң корпорация акчасын өндүрүп алуу үчүн берки экөөнү сотко берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0