07:26 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7961
  • EUR77.4597
  • RUB1.0636
Ташбака. Архивдик сүрөт

Казакстанда 131 ташбаканы чемоданга салып бараткан жаран кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Евгений Одиноков
Азия
Кыскача шилтеме алуу
317 0 0

Тирүү ташбакаларды тийиштүү документтери жок алып бараткан жаран чек арадан кармалган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Казакстандын "Кайрак-авто" чек ара көзөмөл бекетинен 24 жаштагы жаран тирүү ташбакаларды чемоданга салып баратканда кармалган. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын расмий сайтында жазылат. 

  • Казакстандын "Кайрак-авто" чек ара көзөмөл бекетинен 24 жаштагы жаран тирүү ташбакаларды чемоданга салып баратканда кармалган.
    © Фото / пресс-служба ПС КНБ РК
  • Ал Volkswagen үлгүсүндөгү унаа менен Челябинскиге бараткан.
    © Фото / пресс-служба ПС КНБ РК
  • Чек арадан анын багажын текшерип чемоданын ачып караганда, 131 тирүү ташбака чыккан.
    © Фото / пресс-служба ПС КНБ РК
1 / 3
© Фото / пресс-служба ПС КНБ РК
Казакстандын "Кайрак-авто" чек ара көзөмөл бекетинен 24 жаштагы жаран тирүү ташбакаларды чемоданга салып баратканда кармалган.

Ал Volkswagen үлгүсүндөгү унаа менен Челябинскиге бараткан. Чек арадан анын багажын текшерип чемоданын ачып караганда, 131 тирүү ташбака чыккан. Жигиттин колунда тийиштүү документтери болгон эмес. Мындай контрабанданын базардагы баасы 1 миллион 300 миң теңге же 239 миң 436 сом.

"Тирүү жүктү" Ветеринардык көзөмөл комитетинин адистери коштоп териштирүү үчүн Костанай облусунун Карабал районуна алып кетишкен.

Тема боюнча

Чек арадан алтынды өзгөчө чыгарып бараткан киши кармалды. Сүрөт
Ашказанына алтын салып аэропорттон өтүүгө аракет кылган өзбекстандык аял кармалды
Белгилер:
кармоо, Ташбака, чемодан, контрабандалык жүк, Казахстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ