Өзбекстандык жаран Мирзиёев белек кылган унааны талкалап салды

© AP Photo / Molly RileyАвтомобиль марки Chevrolet Cobalt
Автомобиль марки Chevrolet Cobalt  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылдын 22-декабрында жаш жубайлар үч эмдүү болуп, балдарга Шавкат, Миромон жана Мирзиё деген ысым беришкен.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жол кырсыгы март айынын аягында Кокон шаарында болгонун "Дарье" басылмасына шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.

2018-жылдын 22-декабрында жубайлар Жасурбек жана Муслимахон Мамадкуловдор үч эмдүү болушкан. Алар уулдарынын атын өзбек президентинин урматына Шавкат, Миромон жана Мирзиё деп аташкан.

Мунусу үчүн өлкө башчысы январь айында үй-бүлөгө Cobalt унаасын белек кылган.

Маалыматка караганда, дал ушул автоунаа катышкан жол кырсыгы 31-март күнү 11.15те Кокон шаарында болгон. Сүрөттөрдө унаада "Өзбекстандын президентинин белеги" деген жазуу дагы деле чапталып турганын көрүүгө болот.

​Cobalt менен Opel үлгүсүндөгү унаалардын кагышында белекке келген машинанын ичиндеги эки адам жабыркаганы айтылат. Алардын бири үч эмдин чоң энеси.

Фергана милициясы аталган факты боюнча административдик иш козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0