09:14 10 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961
Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивное фото

Токаев: башкаларчылап элибиз аянтка чыккан жок. Казак башчысынын маеги

© REUTERS / HANDOUT
Азия
Кыскача шилтеме алуу
251811

Казакстан президенти "бул жолдон тайбастыгын жана туруксуздукка жол бербестигин" кошумчалаган.

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев мурдагы башчы бийликти ага тынч өткөрүп бергенин айтып, бул Нурсултан Назарбаевдин алысты көрө билгендигинен болду деген баасын берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

19-мартта Казакстанды 30 жылдай башкарган президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.

"Егемен Казакстан" жана "Айкын" басылмаларына маек берип жатып, башка өлкөлөргө салыштырмалуу бийлик тынчтык жолу менен өткөндүгүн айткан.

"Ар кайсы көз ачыктар болду, боло берет эмеспи. Бул жерде эң башкысы — бийликти биз тынчтык жолу менен өткөрүп бере алдык. Кээ бир өлкөлөр сымал аянттарга чыккан жокпуз, ызы-чуу салган жокпуз. Бул биринчи президенттин (Нурсултан Назарбаев —ред.) алысты көрө билүүчүлүк сапаты. Дүйнөгө Казакстан цивилдүү өлкө экендигин жана элдин саясий маданияты жогору экендигин далилдедик. Баары мыйзам чегинде өттү", — деген Токаев.

Президент алар мындан ары эмне кыла тургандыктарына да токтолгон.

"Элбашынын акылмандыгынан улам бийлик эч кандай чуусу жок өткөрүп берилди. Бул кадам мамлекеттеги туруктуулукту сактап, аны андан ары өнүктүрүп кетүү максатында жасалды. Эми биздин максат — бул жолдон чыгып кетпей, алдыга, жалаң гана алдыга кетүү, өнүгүү, гүлдөп өсүү. Эгер андай болбосо, келечек муун бизди кечирбейт", — деп Токаевдын айткандарын informburo.kz жазды.

Токаев буга чейин Казакстандын парламентинин сенатынын (жогорку палатасынын) төрагасы болгон.

Казакстан президенти "бул жолдон тайбастыгын жана туруксуздукка жол бербестигин" да кошумчалаган.

Тема боюнча

Казак президенти Токаевдин аялы жокпу? Расмий маалымат
Касым-Жоомарт Токаевдин президент катары бара турган биринчи өлкөсү айтылды
Белгилер:
президент, Касым-Жоомарт Токаев, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ