Ашказанына алтын салып аэропорттон өтүүгө аракет кылган өзбекстандык аял кармалды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял кымбат баалуу металлды Индияга алып өтүүгө ниеттенген.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ташкенттеги эл аралык аэропорттун бажы постунун кызматкери ашказанына 4,3 миң долларлык алтынды катып, Өзбекстандан алып чыгып кетүүгө аракет кылган аялды кармады. Бул туурасында аталган мамлекеттин Бажы комитетинен кабарлашты.

Өзбекстан жараны Ташкент – Амритсар каттамы менен кетип бара жатып, бажы кызматкерлеринин көзүнө шектүү жүрүм-туруму менен урунган. Аны текшере келгенде ашказанынан алтын чыккан.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында анын алтынды жутуп алып, башка өлкөгө чыгып кетүү аракети аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Контрабанда на юго-западной таможне в селе Кызыл-Кыштак - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасынан 10 кап табылды. Ичинде эмне бар эле?
Комитет баалуу металлдын наркы 36 миллион сумга (4,3 миң доллар) чукул экендигин билдирди.

Бажы кызматы Ташкент аэропортунда контрабанда иштери негизинен Баку, Стамбул жана Индия каттамында жасалаарын айтты.

Өзбекстандан зер буюмдарды алып өтүүнүн өз тартиби бар. Жеке тараптар жалпы салмагы 30 грамм болгон беш даана зер буюм менен баалуу металлды акциз салыгын төлөбөй эле бажы декларациясын толтуруп алып өтсө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0