Астана шаары эми расмий түрдө Нур-Султан деп атала баштады

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКазакстандын борбор калаасы. Архив
Казакстандын борбор калаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы Баш мыйзамга кире турчу өзгөртүүлөргө да кол койду.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев борбор калаа Астананы Нур-Султан деп атоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

"Казакстан Республикасынын 1993-жылдын 8-декабрында кол коюлган мыйзамындагы 9-беренеге ылайык, борбор калаа Астананы Нур-Султан деп өзгөртүүгө буйрук кылам", — деп жазылат документтин текстинде.

Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астаналыктарбы же нурсултандыктарбы? Казак министринин түшүндүрмөсү
Жарлык Акордонун сайтына жарыяланып, расмий чыккандан кийин күчүнө кирмекчи.

Белгилей кетсек, борбор шаардын атын өзгөртүү демилгеси Касым-Жомарт Токаевге таандык. Сунушту ал президент катары ант бергенден кийин эле айтып, парламент тарабынан колдоого алынган.

Токаев Казакстанды 30 жылга чукул башкарган Нурсултан Назарбаевдин отставкасынан кийин 2019-жылдын 20-мартында президент болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0