Астаналыктарбы же нурсултандыктарбы? Казак министринин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын борборунун аталышын Нурсултан кылып өзгөртүүнү жаңы президент сунуштаган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Казакстандын борбор калаасынын жашоочулары мурдагыдай эле астаналыктар деп аталып, бул шаардын атын алып жүргөн мекемелер дагы ошол бойдон калат. Бул тууралуу маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевдин сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Анын айтымында, калаанын атын өзгөртүү "көпчүлүк ойлоп жаткандай радикалдуу болбой", колдон келишинче үнөмдөө жол менен ишке ашат.

Маанилүү архитектуралык, маданий жана спорттук объектилер аталыштарын сактап калат.

"Астана Опера", "Астана-Арена", "Астана" телеканалдарынын аталыштары өзгөрбөйт. Ошондой эле өз аталыштарын Air Astana авиакомпаниясы, Astana Pro Team велокомандасы жана "Астана Арланс" спорттук командасы сактап калат. Биз дүйнөгө таанылган "Астана" брендин жокко чыгарбашыбыз керек. Мындан ары ири потенциалы бар "Нурсултан" брендин алга жылдырабыз", — деди Абаев.

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев - Sputnik Кыргызстан
Токаевдин атасынын Фрунзедеги трагедиялуу турмушу. Китептеги баяндан

Министр кошумчалагандай, "астана" сөзү казак тилинде "борбор калаа" дегенди түшүндүргөндүктөн, бул шаарда жашагандар мурдагыдай эле астаналыктар бойдон калат.

Белгилей кетсек, 19-мартта Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген. Эртеси күнү эле жаңы президент Астананын аталышын Нурсултан кылып өзгөртүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0