Өзбекстанда чыгарылган автоунаалардын биринчи партиясы Казакстанга жиберилди

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүRavon R4 автоунаасы. Архив
Ravon R4 автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизинен Nexia R3 жана R4 моделдери экспорттолот.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. GM Uzbekistan компаниясы чыгарган автоунаалардын биринчи партиясын Казакстанга экспорттоду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Унаасына күйүүчү май куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда күйүүчү май кымбаттады. Кыргызстанда абал кандай болот?
Ага ылайык, автокомпания Nexia R3 моделдеринин тетиктерин Костанай шаарындагы "СариаркаАвтоПром" заводуна алып барат. Ошондой эле R4 үлгүсүндөгү даяр машиналарды "Равон Моторс Қозоғистон" компаниясына жеткирет.

Белгилей кетсек, GM Uzbekistan компаниясы жыл башында автоунааларды Афганистан менен Тажикстанга экспорттогон болчу.

Буга чейин 2018-жылдан тарта Кыргызстанда да Ravon үлгүсүндөгү автоунаалар чыгарылары кабарланган болчу. Бирок ал пландар ишке аша элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0