21:43 19 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Душанбеде 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы заманбап стадиондун курулушу башталды

Тажик бийлиги Душанбеге заманбап стадион курат. Имараттын эскизи

© Фото / Федерация футбола РТ
Азия
Кыскача шилтеме алуу
255 0 0

Тажикстандын Футбол федерациясы жаңы стадиондун көрүнүшү кандай болорун көрсөттү.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Душанбеде 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы заманбап стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы Facebook баракчасына жарыялады.

  • В Душанбе началось строительство современного стадиона на 30 тысяч зрителей
    Душанбеде 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы заманбап стадиондун курулушу башталды
    © Фото / Федерация футбола РТ
  • В Душанбе началось строительство современного стадиона на 30 тысяч зрителей
    Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Душанбенин мэри Рустам Эмомали курулуштун башталышын расмий түрдө баштап берди
    © Фото / Федерация футбола РТ
  • В Душанбе началось строительство современного стадиона на 30 тысяч зрителей
    Стадион жалпысынан 9 гектар жерге курулмакчы. Спорт жайдын имаратында машыгуу залы жана тамактануучу жайлар да болот.
    © Фото / Федерация футбола РТ
1 / 3
© Фото / Федерация футбола РТ
Душанбеде 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы заманбап стадиондун курулушу башталды

Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Душанбенин мэри Рустам Эмомали курулуштун башталышын расмий түрдө баштап берди.

Стадион жалпысынан 9 гектар жерге курулмакчы. Спорт жайдын имаратында машыгуу залы жана тамактануучу жайлар да болот.

Мамлекет башчы Рахмондун курулушту сапаттуу кылып бүтүрүүгө катуу тапшырма бергени маалымдалды.

"30 миң киши бата турчу заманбап стадиондун курулушу мамлекеттин спорт күйөрмандарына жасаган татыктуу белеги болот", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда да заманбап стадион курууга аракеттер көрүлүүдө. Мамлекет инвесторлорго эшик ачык экенин билдирген. Учурда беш компания кызыгуусун билдирген.

Тема боюнча

30 млн. долларлык стадиондун эскизи. Шаар тургуну долбоорун сунуштады
Белгилер:
Эмомали Рахмон, курулуш, Тажикстан, стадион

ЭҢ МААНИЛҮҮ