Казакстандык келин бир бөйрөгү менен марафонго катышууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМарафончу. Архив
Марафончу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 34 жашка чыккан Сания өзүнүн бир бөйрөгү жок экенин 13 жашында билген.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстандык бир эле бөйрөгү бар келин өзүнүн татаал диагнозуна карабай марафондорго катыша баштаганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Быйыл 34 жашка чыккан Сания бир бөйрөгү жок экенин 13 жашында билген.

"Дене тарбия сабагынан чуркап жүрүп, эсимди жоготком. Апам ооруканага алып барганда сол бөйрөгүм жок экенин билдик", — дейт ал.

Ошону менен дарыгерлер "өмүр бою денеңе күч келтирбей жашашың керек" деп талап коюшкан.

Бирок спортту, өзгөчө, чуркоону жакшы көргөн кыз бир топ аракеттерди кылып жүрүп, акыры дарыгерлерден чуркоого уруксат алган.

"Жакында эле Алматы жана Астана шаарларында өткөн марафондо 10 чакырым аралыкты чуркап өттүм. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы", — деди спортчу.

Всероссийский день бега Кросс Нации - 2017 - Sputnik Кыргызстан
Төшөк кумары жана спорт... Эске тутууну жакшыртчу төрт ыкма аталды
Сания бөйрөк аплазиясы диагнозу менен төрөлгөн. Бул бир органдын тубаса жок болушу. Илдет ар кимге ар кандай таасир этет. Бир бөйрөгү жок төрөлгөн балдардын айрымдары ымыркай кезинде эле чарчап калса, айрымдары чоңойгон учурда дагы оорулуу, жарым жан болуп жашашат. Андыктан дарыгерлер Саниянын ден соолугун абдан жакшы деп баалашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0