30 жыл кийинтип-ичинткем! Казакстандык абышка АКШда жашаган кызын сотко берди

Жазылуу
Абышканын соттошуп жаткан кызынан башка дагы бир кызы жана уулу бар.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Казакстандык 78 жаштагы Кадыр Нукин аттуу пенсионер чет өлкөдө жашаган кызын каралашпайт деген айып менен сотко берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды. 

Өзүнүн айтымында, 1990-жылдардын башында үй-бүлөсү менен Америкага кеткен кызы учурда ал жакта бардар турмушта жашайт.

"Мен аны 30га чыкканга чейин ичинтип, кийинтип, элден калтырбай баккам. АКШга жаңы барганда менден кабар алып турчу. Азыр таптакыр байланышка чыкпайт. Алматыга үй-бүлөсү менен канча келип кетсе дагы телефон чалып койбойт", — деп даттанган пенсионер.

Макалада айтылганына караганда, абышканын дагы бир кызы жана уулу бар. Кичүү кызы менен дагы мамилеси бузулган, ал эми уулу  анын айтымында, "өз жанын араң" багат.

Дом престарелых в Палестине - Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси өлгөндөн кийин келип кийимин талашат... Карылар үйүнүн башчысы менен маек
Мындан улам, ал чет өлкөдө жашаган кызы айына 400 доллардан төлөп берип турсун деп сотко кайрылган. Бул сумма анын жеген-ичкенине жана дары-дармегине жетет.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, бойго жеткен, ишке жарамдуу балдар карыган ата-энесин багууга милдеттүү. Андай болбой жатса, ата-эне сотко кайрыла алат. Ал үчүн пенсиялык китепчени көрсөтүшү зарыл. Сот абышка-кемпир сураган сумманы бардык балдарына бирдей бөлүп коюшу мүмкүн.

Бирок сотко бергендер жаш кезинде баласын өздөрү бакпаганы же ата-энелик укуктан ажыратылганы белгилүү болсо, балдарынан алимент ала албайт.

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0