Шавкат Мирзиёев миллиардер Алишер Усманов менен эмне үчүн сыймыктанарын айтты

© Фото / пресс-служба президента УзбекистанаӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бизнесмен Алишер Усманов менен жолугушуу учурунда
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бизнесмен Алишер Усманов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миллиардер Наманган облусунун райондоруна бөлүп берүү үчүн ири суммадагы акча жөнөткөн.

БИШКЕК, 5-мар. – Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бизнесмен Алишер Усмановдун Наманган облусуна берген акчалай жардамы туурасында айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Облустардын жетекчилери менен болгон жолугушууда президент "Обод кишлок" программасынын алкагында Наманган облусуна Усманов 50 миллион доллар бөлүп бергенин айткан. Маалыматты "Өзбекстан 24" телеканалы таратты.

"Алишер Бурханович Усманов "Обод кишлок" жана "Обод махалла" программаларынын алкагында мага сунуш киргизди", — деп айтып берген Мирзиёев.

Мамлекет башчы бул маалыматты канааттануу менен жар салган.

Суперяхта Dilbar Алишера Усманова - Sputnik Кыргызстан
Усмановдун "Дилбары" Барселонага токтоп, көргөндөрдүн оозун ачырды. Сүрөт
"Урматтуу президент, эгерде уруксат берсеңиз, 50 миллион долларды "Обод кишлок" программасына берсем, буга кандай карайсыз? Чынын айтсам, акча Ташкентке келип түштү", — деген миллиардердин сөзүн Мирзиёев жетекчилерге айткан.

Өзбекстандын президенти убада кылбай, акчаны берип жибергендиги сыймыктанарлык экендигин айткан.

Маалыматта миллиардердин акчасын бөлө келгенде ар бир районго 20-25 миллиард сумдан тиери айтылган.

2018-жылдын сентябрь айында Алишер Усманов 65 жашка чыкты. Ал 1953-жылы Наманган районунун Чус районунда жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу USM Holdings акцияларынын ээси, тагыраагы, "Метоллоинвест" жана "Мегафон" компанияларынын активдерин көзөмөлдөп турат. Бир нече жылдан бери Россия менен дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинен түшпөй келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0