Казакстандын экс-премьери Сагинтаев жаңы кызматка дайындалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКазакстандын экс-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев. Архив
Казакстандын экс-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сагинтаев эми Казакстандын президентине "жакын" болуп калды.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Казакстандын экс-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев республиканын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Жарлык Акордонун сайтына жарыяланды.

Сагинтаев жакында эле премьер-министрдин орун басары болуп дайындалган Гүлшар Абдыкаликованын ордуна барды.

21-февралда Нурсултан Назарбаевдин сынына кабылган өкмөт отставкага кеткен. Ал эми 25-февралда өкмөттүн жаңы курамы бекиген.

Жаңылыктар түрмөгү
0