Казакстанга жаңы премьер-министр дайындалды

© Sputnik / Болат ШайхиновАскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды
Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин президент сунуштаган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маминдин талапкерлигин президент Нурсултан Назарбаев сунуштап, мажилистин депутаттары колдоп берди.

Акордонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, Назарбаев жаңы премьерди дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду.

Эске салсак, 21-февралда Нурсултан Назарбаевдин сынына кабылган казак өкмөтү отставкага кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0