Өзбекстанда дагы резина жумуртка тууралуу видео тарады

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖумуртка. Архив
Жумуртка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптанын аягында Кыргызстанда резина жумуртка боюнча чуу чыккан.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Интернеттин өзбек тилдүү сегментинде резинадай чоюлган жумурткалар тууралуу видео тарады.

Кадрда көрүнүп тургандай, сүйлөп жаткан адам "Кытайда жасалган жумурткалар Ташкентке дагы жеткенин" айтат.

"Карасаңар, жумуртканын сарысы кадимки эле резина. Табигый жумуртканын сарысын кессең майдаланып кетет эмеспи, бул топчо секирип атат. Сак болгула", — дейт видеодогу адам.

Өзбек тилинде сүйлөгөн адам жумуртканын сарысын кесип көрсөткөндө, ал кадимки желим сымал жылтырап көрүнүп турат.

Эске салсак, 17-февраль күнү социалдык тармактарда өзүн Ош шаарынын тургунумун деп тааныштырган адам жумуртканын сарысы резинадай чоюлуп жатканын көрсөтүп берген видео тараган.

Рынок в Цхинвале - Sputnik Кыргызстан
Оштогу резина жумуртка: жабырлануучу кайсы органга кайрылышы керек
Андан соң бул окуя боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Канаттууларды багуучулардын ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиев өз пикирин билдирип жатып, сапатсыз жумурткалар Өзбекстандан кириши мүмкүн деген оюн айткан.

Эртеси күнү эле кызматтык иликтөө башталганын өлкөнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов журналисттерге айтып берип жатып, жумуртка Өзбекстандан эмес, Ысык-Көл облусунан барганын билдирген.

Көп өтпөй Ысык-Көлдүн облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Бакыт Шарапов аймакта ири өлчөмдө жумуртка чыгарган канаттуулар фабрикасы дээрлик жок экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0