Өзбекстан медицина боюнча немис тажрыйбасын өздөштүрмөй болду

Жазылуу
Германияда ооруканалар кантип башкарыларын, саламаттык сактоо тармагын каржылоо принциптерин үйрөнүп кайтышат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өзбек адистери Германияга заманбап медициналык жабдууларды өздөштүрүү үчүн окууга кетишти. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Иш сапардын алкагында өзбек дарыгерлери Германияда ооруканалар кантип башкарыларын, саламаттык сактоо тармагын каржылоо принциптерин үйрөнүп, медициналык жабдууларды чыгарган компаниялар менен мамиле түзүшөт.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия Борбор Азияга ракты дарылоо боюнча жардам берүүнү көздөйт
Белгилей кетсек, коңшулар медицина жаатын өнүктүрүү үчүн чечкиндүү кадамды жасап жатат. Өткөн аптада түштүккореялык Донгвук Ли аттуу аткаминерди саламаттык сактоо министринин орун басары кылып дайындашкан.

Донгвук Ли чет өлкөлүк тажрыйбаларды колдонуу жаатында жана саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга жооп бермекчи.

Мындан тышкары, чет элдик кадр мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктү, медициналык туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча иш алып барып, сапаттуу атаандаштык программаларын ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0