Кореялык аткаминер Өзбекстанда министрдин орун басары болду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПортфельчен аткаминер. Архив
Портфельчен аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ли Корея республикасында Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин демографиялык саясат тармагын башкарган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын жараны Донгвук Ли Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Донгвук Ли чет өлкөлүк тажрыйбаларды колдонуу жаатында жана саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга жоопкерчиликтүү", — деп жазылат макалада.

Instagram страница президента РУз Шавката Мирзиёева - Sputnik Кыргызстан
Instagram тармагындагы белгилүү саясатчылар тизмектелди. Арасында Мирзиёев бар
Мындан тышкары, чет элдик кадр мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктү, медициналык туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча иш алып барып, сапаттуу атаандаштык программаларын ишке ашырат.

Буга чейин Ли Корея республикасында Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин демографиялык саясат тармагын башкарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0