Кытайлык магнат айылдаштарына миллиондогон акча таратты. Видео

© AFP / SAM YEHДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнесмен кедей үй-бүлөдө өсүп, кийин Үрүмчүгө барып жеке компаниясын ачкан.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кытайлык мультимиллионер Чжэн Дацин айылдаштарына 12 миллион юань (1,7 миллион доллар) таратты. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.

60 жаштагы магнат өткөн жумада Сычуань провинциясындагы Динцицяо айылына барган. Бир нече күн бою ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп белек берген.

Дацин 50 жаштан жогорку курактагы жарандарга 9 миллион юань тараткан. Ошондой эле 3 миллион юанды турмуш-тиричилик техникасына сарптаган. Акчалар таңгакталып кызыл лента менен байланган. Алардын ар биринде 2 миңден 60 миң юанга чейин болгон. 

​Бизнесмен карыяларды тик учакка отургузуп өз айылдарын асмандан көрүүгө шарт түзүп берген.

Чжэн Дацин — Xinjiang Tiandi Group корпорациясынын төрагасы. Ал кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Аз маяналуу жерде иштеп жүрүп 1985-жылы Үрүмчү шаарына барган. Кийин ошол жактан жеке бизнесин түптөгөн. 10 жыл аралыгында Чжэн компаниясын конгломератка чейин кеңейткен. Анын 16 туунду фирмасы кыймылсыз мүлк, энергетика жана башка тармактарда иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0