Кыргызстандык эки балбан Ирандагы эл аралык мелдеште чемпион болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын эркин курөш балбаны Улук Жолдошбеков. Архив
Кыргызстандын эркин курөш балбаны Улук Жолдошбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар эркин күрөш боюнча күч сынашып эки алтын, бир коло медалга жетишти.

БИШКЕК 8-фев. —Sputnik. Кыргызстандык балбандар Ирандагы мелдеште чемпион болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тегеран шаарында 7-8-февраль күндөрү өткөн Takhti Cup 2019 эл аралык турнирине Кыргызстандын атынан 14 спортчу барган. Балбандар эркин күрөш боюнча күч сынашып, Эрназар Акматалиев, Улук Жолдошбеков алтын тагынса, Нургазы Абдуразаков коло медалга ээ болду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Official page 🇰🇬🤼‍♂️ (@kyrgyzstan.wrestling)

Белгилей кетсек, Takhti Cup 2009-жылдан бери өтүп келет. Буга чейин Базар Базаргуруев алтын медаль алса (2011-ж), былтыр дагы бир балбан Айбек Усупов коло медалга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0