Жол улаш адамды ала кет! Бишкектик активист казакстандыктарга үлгү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПутешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев
Путешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандагы ЖМКлардын бири бишкектик активистти Астананын тургуну деп ойлоп, видеосун жарыялаган.

БИШКЕК, 7-фев. – Sputnik. Аялдамада тоңуп турган жол улаш адамдарды ала кетүүгө чакырган бишкектик блогер Адилет Ногойбаев казакстандыктар үчүн үлгү болду.

Казакстандын ЖМКларынын бири бишкектик активистти Астананын тургуну деп ойлоп, видеосун жарыялаган. Ал эми блогер буга юмор менен карады.

“Бүгүн мен Астананын үлгүлүү тургуну болуп чыга келдим. Менин флешмобум Астанага жетип, айдоочулар жолдогу элди ала кетип жатканына кубанычтамын”, - деп Ногойбаев Facebook баракчасына жазды.

“Жол улаш адамды ала кет” флешмобу өткөн жылдын ноябрь айында жарыяланган.

Белгилей кетсек, учурда Казакстанда катуу суук болуп, адам өлүмү катталган учурлар болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0