Топ-модель Надя Непомнящая Ташкенттеги аэропорттон кармалды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАэропортто отурган кыз. Архив
Аэропортто отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29 жаштагы моделге карата кылмыш иши козголду. Ага чет жакка чыгуу режимин бузгандыгы үчүн айып салынып же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Өзбекстандык топ-модель Надя Непомнящая Ташкенттин эл аралык аэропортунан кармалганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Российская топ-модель Наталья Водянова - Sputnik Кыргызстан
Беш баланын энеси деп ким айтат! Топ-модель Водянованын жарым жылаңач видеосу
23-январда мекенине кайтып келген моделди укук коргоо органдары беш сааттай кармап, андан кийин коё берген. Непомнящаяга "Чет жакка мыйзамсыз чыгуу же Өзбекстанга мыйзамсыз кирүү" боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр август айында Улуу Британияга Россия аркылуу мыйзамсыз барып келген деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Непомнящая уруксат берүүчү документти толтурбастан өлкөдөн чыгып кеткен.

Өзбекстандын мыйзамы боюнча мындай эреже бузгандарга айып салынат, же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Топ-модель паспортун алмаштыруу үчүн акыркы жолу Өзбекстанга төрт жыл мурда келген. Ошол учурда ал жумушчу визасы менен Лондондо жашап жүрчү. Ага чейин АКШда иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0