Польшадан Казакстанга келип супсуну сууган киши. Кыз неге баш тартты экен

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПродажа цветов в преддверии Международного женского дня
Продажа цветов в преддверии Международного женского дня - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мырза кыз менен интернеттен таанышкандыгын айтып берген.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Польшадан кыз менен таанышам деп учуп келген кишинин үмүтү акталган жок. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды. 

Аталган өлкөгө сүйүүсүн издеп келген жарандын таш капкан тилеги боюнча Интернеттеги "Талдыкорганец" тобунун администратору Кайрат Абдрахман маалымдады.

Ал киши күтө берип, кыз келбеген соң курулай убара болгонун түшүнгөн.

"Мага шаардагы аялдамалардын биринде польшалык киши жолугам деп келип, кызды күтүп жатканын билдиришти. Окуяга кызыгып, калтырылган телефон номерге чалып байланыштым. Польшанын Сважендз шаарынан келген 52 жаштагы Пшеслав экен. Кристина аттуу кыз менен интернеттен таанышкандыгын, көпкө чейин сүйлөшүп жүрүп, акыры жолугууну чечип Талды-Коргонго келгенин айтты. Кристинаны жакындан көрүү үчүн Казакстанга Германия аркылуу эки ирет учак которуп, төрт күнгө келгенин айтып берди", — деп жазган Кайрат Абдрахман.

Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Испанияда курбусуна "жигит" болуп акчасын алып жүргөн кыз 5 жылга камалды
Ал кызды табууга соцтармакка чакырык салганын жазды. Талдыкоргондук жигит Пшеслав менен жолугуп, ага казактарга тиешелүү меймандостукту көрсөткөн.

"Ал ачык жана жөнөкөй адам экен. Жолукканда убакыттын кантип өтүп кеткенин байкабай да калдым. Өзү жөнүндө да айтып берди. Ажырашып кетиптир, 17 жаштагы кызы бар экен. Ишкер экенин айтты. Ушундай алыстыктан ал адамдын биздин кичинекей шаарга келгенин айтсаңыз", — деп жазган Кайрат Абдрахман.

Жигит Пшеславга мекенине аман-эсен, эч кандай окуяга кабылбай жетип алуусун каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0