14:38 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Прохожие в Шанхае

Кытай элинин саны 2018-жылы канчага жеткени айтылды

© Sputnik / Александр Штоль
Азия
Кыскача шилтеме алуу
642 0 0

Шаардыктар менен элет жеринде жашагандар боюнча кызыктуу маалыматты кездештирүүгө болот.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайдын эли 2018-жылдын аягына карата 5,3 миллион адамга өсүп, 1,395 миллиард кишини түздү. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын статистикалык бюросуна таянып кабарлады. 

Бул көрсөткүчкө Гонконг, Макао жана Тайван атайын аймактарындагы эл кошулган эмес.

Мурдагы жылкы көрсөткүчтө жашоочулардын саны 7,37 миллион адамга өскөнү маалымдалган.

2018-жылы өлкөдө 15,23 миллион бөбөк жарык дүйнөгө келсе, ушул эле жылы 9,93 миллион адам көз жумган. Эркектердин саны 713,51 миллионду, аялдарды саны 681,87 миллион адамды түзгөн.

Эмгекке жарактуу делген 16-59 жаштагы адамдар мурдагы жылы 897,29 миллиондон 901,99 миллионго чейин азайган. Алар Кытайдагы калктын 64,3 пайызын түзөт.

2018-жылдын соңунда Кытайда улгайгандардын, тагыраагы, 60 жаштан өткөндөрдүн саны 249,49 миллион киши экени аныкталган. Бул кытайлыктардын жалпы санынын 17,9 пайызын түзгөн. 65 жаш курактан ары оогондордун саны 166,58 пайызга жогорулаган. Бул Кытай мамлекетинде жашагандардын 11,9 пайызына туура келет.

Шаардыктар менен элет жеринде жашагандар боюнча кызыктуу маалыматты кездештирүүгө болот. Калаалыктардын саны 17,9 миллионго көбөйүп, 831,37 миллион болгон. Айылдыктар эмнегедир азайган, тагыраагы, дал ушунча кишиге кыскарып, 564,01 миллионго ылдыйлаган.

Ал эми жер которгон калктын агымы да азайып, 241 миллион деп аныкталган.

Тема боюнча

Кыргызстанда кайсы айда өлүм-житим көп болот? Статистика
Абылгазиев кытай жарандарына каршы өткөн митинг боюнча пикирин билдирди
Белгилер:
калк, миллиард, мамлекет, статистика, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ