Фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө соттун өкүмү чыкты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүКиши колдуу болгон фигурист Денис Тен. Архив
Киши колдуу болгон фигурист Денис Тен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкерлер бир нече берене боюнча айыптуу деп табылды.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Алматынын соту фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө өкүм чыгарганын Sputnik Казакстан жазды.

© Sputnik / Тимур БатыршинАлматынын соту фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө өкүм чыгарганын Sputnik Казакстан жазды
Алматынын соту фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө өкүм чыгарганын Sputnik Казакстан жазды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Алматынын соту фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө өкүм чыгарганын Sputnik Казакстан жазды
© Sputnik / Тимур БатыршинАрман Кудайбергенов Кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү", "уурулук" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 18 жылга эркинен ажырады
Арман Кудайбергенов Кылмыш жаза кодексинин адам өлтүрүү, уурулук жана каракчылык беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 18 жылга эркинен ажырады - Sputnik Кыргызстан
2/3
Арман Кудайбергенов Кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү", "уурулук" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 18 жылга эркинен ажырады
© Sputnik / Тимур БатыршинНуралы Киясов дагы "адам өлтүрүү" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыпталып, 18 жылга кесилди.
Нуралы Киясов дагы адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери боюнча айыпталып, 18 жылга кесилди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Нуралы Киясов дагы "адам өлтүрүү" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыпталып, 18 жылга кесилди.
1/3
Алматынын соту фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө өкүм чыгарганын Sputnik Казакстан жазды
2/3
Арман Кудайбергенов Кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү", "уурулук" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 18 жылга эркинен ажырады
3/3
Нуралы Киясов дагы "адам өлтүрүү" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыпталып, 18 жылга кесилди.

Арман Кудайбергенов Кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү", "уурулук" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 18 жылга эркинен ажырады.

Нуралы Киясов дагы "адам өлтүрүү" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыпталып, 18 жылга кесилди.

Ал эми Жанар Толыбаев "кылмышты жашыруу" беренеси боюнча төрт жылга камалды.

Кыргызстандыктар мыйзамды кантип бузушат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда паракорлук азайып, зордуктоо күчөдү. Кылмыш статистикасы
Эске салсак, белгилүү фигурист 2018-жылдын 19-июлунда киши колдуу болгон. Денис Тен унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Аларга каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген.

Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле. Окуяга шектелген эки жаран тең полициянын колуна түшүрүлгөн.

Денис Тен VII кышкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеген. 2014-жылы Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон. Казакстандын беш жолку чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0