16:29 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Модель. Архивдик сүрөт

Ачык кийинген казакстандык депутат сабалганын айтып, көгала болгон сүрөтүн чыгарды

© Sputnik / Владимир Астапкович
Азия
Кыскача шилтеме алуу
1827 0 0

Казакстандык депутат, модель подиумга көкүрөгүн көрсөткөн үлбүрөк көйнөк кийип чыгып элдин сынына кабылган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Астананын жаштар маслихатынын VII чакырылышынын депутаты, модель Динагүл Тасова мода көргөзмөсүнө ачык кийинип чыкканы үчүн сабалганын айтып чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. 

Эскерте кетсек, Тасова декабрь айынын башында Fashion Night Astana мода көргөзмөсүнө катышкан. Анда подиумга кийип чыккан үлбүрөк көйнөктүн көкүрөк тарабы эч нерсе менен жабылган эмес. Ал сүрөтүн өздүк баракчасына жүктөгөндөн кийин казакстандык интернет колдонуучулар катуу сынга алган

"Мода көргөзмөсүнө катышканым тууралуу жаңылык чыккандан кийин менин дарегиме кескин сындар айтылды. Кимдир бирөө адеби жок экен десе, дагы башкасы ачык эле шылдыңдады. Instagram аккаунтумду өчүрүп жок кылууга чейин барышты. Мунун баарына менин төшүм себеп болгон", — деп жазган Тасова.

Мындан улам жаңы аккаунт ачканын айтат. Ал баракчасына көгала болгон колун сүрөткө тартып жүктөгөн.

"Мен модель катары өз жумушумду билем жана аны жакшы жасайм. Жакыным деп ойлоп жүргөн адамдын "колдоосу" сүрөттө чагылдырылды. Мен ага рахмат айткым келет. Ал өзүмдөгү чоң көйгөйдү сезүүгө мажбур кылды. Анын жан дүйнөгө кылган соккусун салыштырганда денемдеги жаракат эч нерсе болбой калат. Мен бул тууралуу унчукпай отуруп калбайм деп чечтим", — деп жазган депутат.

Ошондой эле ал буга чейин деле ич кийимчен же купальникчен чыккан мода көргөзмөлөрүнө катышып жүргөнүн кошумчалаган.

Тема боюнча

Instagram жылдызы Айжан Байзакова: 3-4 жылдан бери жигит жандай элекмин
Кытайдагы эң сулуу кылмышкер кыз полицияга өзү келди
Белгилер:
сабоо, көйнөк, модель, депутат

ЭҢ МААНИЛҮҮ