Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?

© Sputnik / Сергей Величкин / Медиабанкка өтүүРабочая встреча глав государств центрально-азиатского региона и России
Рабочая встреча глав государств центрально-азиатского региона и России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президенттердин балдарынын айрымдары кылмыштуулук, башкалары кайрымдуулук иштери менен белгилүү. Алтургай, өз уулунан кечип жиберген экс-ажо бар.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Борбор Азиянын ичинде Казакстандан бөлөгүнүн баарында кеминде бирден президент алмашты. Sputnik Кыргызстандын редакциясы чөлкөмдөгү мамлекеттердин азыркы башчыларынын балдары жана неберелери туурасындагы материалынан соң мурдагы журт башчылардын уул-кыздары жөнүндөгү түрмөктү назарыңыздарга сунуштайт.

Маалыматтар ачык булактардан алынды. Кеп эгемендикке эбак ээ болгон мамлекеттердин президенттери туурасында болмокчу. Маселен, бул түрмөккө Кахар Махкамов кирбей калды. Ал Тажик ССРинин президенти болгон, ал эми эгемендикке ээ болгон тушта ал өлкөнү башкарган эмес.

Кыргызстан

Акаевдин бала-чакасы

Флаг Кыргызской Республики на заседании - Sputnik Кыргызстан
Элдин балдары... Жогорку кызматты ээлеген жаштардын тизмеси
Сооронбай Жээнбеков — бир эсеп боюнча төртүнчү, башка бир эсеп менен Кыргызстандын бешинчи ажосу. 1990-2005-жылдары республиканы “жоогазын" революциясынан соң бийлигинен кол жууган Аскар Акаев башкарып турган. Андан кийинки беш жылдыкта тактыда Курманбек Бакиев  отурган, ал апрель окуясынан улам өлкөдөн куулган. 2010-2011-жылдары Роза Отунбаева өткөөл убактагы президенттик кызматты ээлеген. Мамлекетти ошол мезгилден тарта былтыркы ноябрга дейре Алмазбек Атамбаев башкарган.

Мурдагы президенттердин балдары курагы жана ата-энелеринин мамлекет башчылык кызматындагы катар саны боюнча тизмектелди. 

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO46 жаштагы Бермет Акаева
Бермет Акаева, дочь бывшего президента Кыргызстана Аскара Акаева - Sputnik Кыргызстан
46 жаштагы Бермет Акаева

46 жаштагы Бермет Акаева — Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын төрт баласынын эң улуусу. Алар 2005-жылы иниси Айдар экөө Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланышкан. Бул дагы “жоогазын” революциясынын себептеринин бири болуп, мандаттан ажырашкан. Казакстан жараны Адил Тойгонбаевге турмушка чыгып, бир топ жыл бирге өмүр сүргөн. Тойгонбаев “кыргыздын эрке күйөө баласы” атыгып, эки балалуу болушкан. 2005-жылкы ыңкылаптан соң Тойгонбаев рейдерлик, жемкорлук жана алдамчылык боюнча сыртынан айыпталган. Былтыр борбор калаанын Биринчи май райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо, 20 миң сом чөлчөмүндөгү айып менен 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн сырттан угузган. Ошондой эле сот Тойгонбаевден 677 миллион сомду “Манас” эл аралык аба майданы” ААКынын пайдасына төлөтүү чечимин чыгарган.

Бермет Акаева чет жерде атасы менен биргеликте Кыргызстандын келечеги тууралуу китеп жазган. Былтыркы жылдын аяк ченинде ата-энеси менен биргеликте Германияда мекендештер менен кезиккен. Ал жакта мурдагы президентке жумуртка ыргытканда атасына болуша кеткен видеосу тараган

© Фото / Владимир Пирогов 42 жашар Айдар атасы бийликте турган убакта Улуттук олимпиада комитетин жетектеген, каржы министринин кеңешчиси болгон
История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
42 жашар Айдар атасы бийликте турган убакта Улуттук олимпиада комитетин жетектеген, каржы министринин кеңешчиси болгон

42 жашар Айдар атасы бийликте турган убакта Улуттук олимпиада комитетин жетектеген, каржы министринин кеңешчиси болгон, ошондой эле Казакстан журт башчысы Нурсултан Назарбаевдин көкүрөк күчүгү Алияга баш кошуп, бирок никеси узакка созулган эмес.

Ыңкылаптан кийин ал “Кумтөрдүн” иши боюнча келишимге кол коюудагы жемкорлукка шектелип, ага эки ирет издөө жарыяланган. 2005-жылдан бери Россияда ата-энеси менен турат, ишкерлик менен шугулданат. Экинчи жубайы (айрым ЖМКлар үчүнчү деп да жазып жүрүшөт) Сайкал Чокубаева экөө эки баланын ата-энеси. Турмушка чыкканча ал НБТ каналында алып баруучу болуп иштеген. 

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүү1990-2005-жылдары республиканы “жоогазын" революциясынан соң бийлигинен кол жууган Аскар Акаев башкарып турган
Президент Кыргызстана Акаев с семьей - Sputnik Кыргызстан
1990-2005-жылдары республиканы “жоогазын" революциясынан соң бийлигинен кол жууган Аскар Акаев башкарып турган

40ка келип калган Саадат Акаева мектепти Швейцарияда аяктап, Бостондогу Тафт университетин бүтүргөн. Дүйнөлүк банкта иштеген жайы да бар. Бир нече жыл мурда ал дагы Москвада, каржы тармагында иштей тургандыгы анык болгон. Айрым ЖМКлар 2006-жылы ал Акаевдердин жеке сүрөтчүсүнүн уулуна турмушка чыккандыгын жазышкан.

34 жаштагы Илим төрт жыл мурун үйлөнгөн. ЖМКлардагы маалыматтарга таянсак, бир кызы бар. 2014 жана 2016-жылдары Кыргызстанга абалары — Болот жана Асанкул Акаевдерге топурак салууга келген

Курманбек Бакиевдин балдары

Курманбек Бакиевдин 48 жаштагы тун уулу Марат үй-бүлөсү менен Белоруссияда турат, ал жакта атасы да жашайт. УКМК төрагасынын мурдагы орун басары да сыртынан 27 жылга кесилген. Белоруссияда анын экинчи уулу төрөлгөн. 

© AP Photo / Sultan DosaliyevӨнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) мурдагы 41 жашар башчысы, бейрасмий түрдө болжолдуу мураскор деп саналган Максим Бакиев
Сын беглого президента Максим Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) мурдагы 41 жашар башчысы, бейрасмий түрдө болжолдуу мураскор деп саналган Максим Бакиев

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) мурдагы 41 жашар башчысы, бейрасмий түрдө болжолдуу мураскор деп саналган Максим Бакиев да сыртынан ар кыл иштер боюнча бир нече жылга, анын ичинде өмүр бою да эркинен ажыратылган. Далилденген айыптардын арасында келишимге кол коюуга мажбурлоо, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу, опузалоо жана каражат чыгарып кетүү да бар. Ушул тапта ал Лондондон анча алыс эмес жерде турат.

Ошондой эле Курманбек Бакиевдин кичүү аялынан да эки бала бар. 2015-жылы ал кызы беларус тилин үйрөнүп, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкого поэма окуп бергенин айткан.

Роза Отунбаеванын уул-кызы

Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов активист, ишкерлик менен алектенет. 2016-жылдын аягында жеке каражатынан Бишкектин бир катар жерлерине шаардагы көчө аталыштары жазылган тактачаларды илген. Бул аракети менен калаа бийлигинин каарына калган.

Анын карындашы Карачач ЖМКдагы маалыматтарга ылайык, Лондондо жашайт.

Алмазбек Атамбаевдин бала-чакасы

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эки никесинен алты баласы бар. Мурдагы президенттин улуу уулдары тууралуу көп маалымат жок. Экөө тең бизнесте экени гана анык. Сейтек — электр жабдыктарын өндүргөн "Автомаш-Экол" ишканасынын негиздөөчүсү. Сейитбек — электр энергиясын сатуу менен алектенген "Автомаш-Энерго" ЖЧКсынын теңата түптөөчүсү жана жетекчиси. Экөө тең үйлөнүп-жайланган, балдары бар. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин эки никесинен алты баласы бар
Неопубликованные фотографии президента КР Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эки никесинен алты баласы бар

Эки улуу кызы — Диана жана Динара жөнүндө да маалымат аз. Алардын бирине бычак менен кол салынганын мурдагы президент кеп кылган.

Динара Атамбаева 2003-жылы Семетей Султановго турмушка чыккан (күйөө баласынын атасы Алымбай Султанов 2012-2015-жылдары азыр жоюлуп кеткен Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына төрагалык кылган). Жубайлар уул-кызды тарбиялайт. Семетей 2012-жылдан бери Кыргызстандын Футбол федерациясын жетектеп келет. Динара жеке ишкерлик менен алек. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раим Матраимов кызматтан жубайы менен Динара Атамбаеванын чырынан кийин алынганын айткан. 

© Фото / пресс-служба ФФКРДинара Атамбаева 2003-жылы Семетей Султановго турмушка чыккан
Президент ФФКР Семетей Султанов - Sputnik Кыргызстан
Динара Атамбаева 2003-жылы Семетей Султановго турмушка чыккан

Диана Атамбаева “РСК банктын” азыркы жетекчиси Азизбек Өмүркуловдун жубайы болгон. Азыр эки ача жолго түшүшкөн.

25 жаштагы Кадыр Атамбаев Түркияда билим алган. Үч жыл мурда анын “Улуттун жанданышы. Экономикалык пассионардуулуктун теориясы” аталган илимий эмгеги жарык көргөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президенттин эң кенже кызы Алия Шагиева
Художница Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Экс-президенттин эң кенже кызы Алия Шагиева

Экс-президенттин эң кенже кызы Алия Шагиева коомчулукка көбүрөөк белгилүү. Ал 21 жашта. Алияны 2016-жылдын башынан тарта тааный баштаганбыз. Ал ошондо өзүнүн кыл калеминен жаралган эмгектерин сатуудан түшкөн 200 миң сомду кайрымдуулукка которгон. Көп өтпөй ал Атамбаевдин кызы экендиги анык болгон. Ошол эле жылы ал программист Константин Рязановго турмушка чыккан. Жубайлардын Таир аттуу уулу жана ымыркай кызы бар.

Тажикстан

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүКөз карандысыз Тажикстандын тунгуч президенти Рахмон Набиев болгон, ал 1991-жылдын 2-декабрынан 1992-жылдын 7-сентябрына дейре президенттик тактыны ээлеген
Президент Республики Таджикистан Рахмон Набиевич Набиев  - Sputnik Кыргызстан
Көз карандысыз Тажикстандын тунгуч президенти Рахмон Набиев болгон, ал 1991-жылдын 2-декабрынан 1992-жылдын 7-сентябрына дейре президенттик тактыны ээлеген
Тажикстандын “тынчтыктын жана улуттук биримдиктин түптөөчүсү” деген даңазалуу макамы бар президенти жана улут лидери Эмомали Рахмон коңшу мамлекеттин алгачкы башчысы эмес. Эгемендүүлүктү аталган өлкө жол башчысыз тосуп алган. Көз карандысыз Тажикстандын тунгуч президенти Рахмон Набиев болгон, ал 1991-жылдын 2-декабрынан 1992-жылдын 7-сентябрына дейре президенттик тактыны ээлеген. Ошол кишинин тушунда жарандык согуш тутанган. Ал элдин кысымынан улам отставкага кеткен. Жети ай өтпөй ал киши көз жумган. Набиевден үч бала калган, улуу уулу Рашид 1997-жылы киши колдуу болуп дүйнө алмаштырган.

Бир нече жыл мурун Набиевдин маркум жубайы Майрамдын маектеринин биринде кызы Мунаварра экономика илимдеринин кандидаты экендигин, мурдараак тажик банктарынын биринде иштегенин айткан. Ошондой эле кызынын Душанбеде жана Москвада жашагандыгын да билдирген. Көкүрөк күчүгү Рустам саясатчы болууну самаган, кийин бизнеске ооп, көп өтпөй ал да Москвага кетип калган экен.

Түркмөнстан же бардык түркмөндөрдүн башчыларынын канча баласы бар?

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүӨмүр аягына дейре (2006-жылга чейин) өлкөнү башкарган жана Түркмөнбашы макамына ээ болгон Сапармурат Ниязовдун эки баласы бар
Президент Туркменистана Сапармурат Ниязов. - Sputnik Кыргызстан
Өмүр аягына дейре (2006-жылга чейин) өлкөнү башкарган жана Түркмөнбашы макамына ээ болгон Сапармурат Ниязовдун эки баласы бар
Өмүр аягына дейре (2006-жылга чейин) өлкөнү башкарган жана Түркмөнбашы (бардык түркмөндөрдүн башчысы деген мааниде) макамына ээ болгон Сапармурат Ниязовдун эки баласы бар.

Саммит глав государств Центральной Азии в Астане - Sputnik Кыргызстан
Депутат, мэр, миллиардер... Борбор Азия ажолорунун уул-кыздары эмне иш кылат
51 жаштагы Мурад Россиянын жараны, мекенинде жашабайт. Ал Түркмөнстанда кош жарандуулукка тыюу салынганы түркмөн жарандыгынан баш тарткан. Анын үч никесинен беш баласы — төрт кыз, бир уулу бар.

Атасы президент болуп турган кезде ал бир ирет Бириккен Араб Эмирлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдө түркмөн делегациясын жетектеп барган. Европада көп жашаган, ЖМКдагы маалыматтарга караганда ак сөөк жан.

Кызы Ирина бир топ жыл мурун Москвада жашачу.

Өзбекстан

2016-жылга чейин Өзбекстанды башкарган өлкөнүн тунгуч президенти Ислам Каримовдун эки никесинен үч баласы бар.

Каримов алгач 1960-жылдары Кучма Наталья Петровнага үйлөнгөн. 1969-жылы алар Рустам аттуу уулду болушкан, кийин ага Петр деген ысым беришкен. Наталья Кучма 2008-жылы Ташкентте каза тапкан, ал эми Петр Каримов ушул чакта Москва облусунда турат. Бир убакта ал "Азия-Инвест Банктын" башкаруу тобунун төрагасынын орун басарлыгын аркалаган. Атасы аны менен катташчу эмес. Расмий түрдө аны балдарына кошуп эч бир жерде атаган жок. Кийинки балдары экинчи аялынан. 

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүИслам Каримовдун 46 жаштагы кызы Гүлнара
Показ GULI, авторского бренда Гульнары Каримовой, на Неделе моды Merсedes-Benz Fashion Week - Sputnik Кыргызстан
Ислам Каримовдун 46 жаштагы кызы Гүлнара

Ислам Каримовдун 46 жаштагы кызы Гүлнара башта президенттик кызматка болжолдуу мураскор деп саналган. Кезегинде бизнес жана мода менен алектенген. Анын ысымын Өзбекстандагы жемкорлук менен байланыштырышчу. 2008-жылы Гүлнара Каримова БУУ жана Швейцариянын борбору Женевадагы эл аралык уюмдардагы Өзбекстандын туруктуу өкүлү кызматын ээлеген. Бирок 2013-жылы аны дипломатиялык иммунитеттен ажыратып, Швейцария прокуратурасы арам акчаны адалдаштыруу шеги менен кылмыш ишин козгоп, эсептериндеги 800 миллион франкты тоңдурган.

Ислам Каримовдун башкаруусунун соңку жылдарында ал атасынын каарына калып, үй камагында кармалат деген маалымат тараган.

2015-жылдын августунда жемкорлукка аралашкандыгы үчүн Каримова Өзбекстанда беш жылга эркинен ажыратылган.

Октябрдын башында Улуу Британия өкмөтү Гүлнара Каримованын мыйзамсыз активдерин конфискациялоо ниетин билдирген. Ажырашкан, эки баланын энеси. Младшая дочь президента Узбекистана Ислама Каримова - Лола Каримова

40 жаштагы бизнесмен Лола Каримова Тимур Тилляевдин жубайы, алар үч баланы тарбиялайт. Лола кайрымдуулук менен алектенип, ошондой эле сабак да берген, ЮНЕСКОдо Өзбекстандын туруктуу өкүлү болуп, Өзбекстандын Гимнастика федерациясын жетектеген.

2013-жылы эжеси Гүлнара Каримова менен 12 жылдан бери катташпаганын, алтургай үй-бүлөлүк иш-чараларда да көрүшпөгөнүн айткан жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0