Кудум Макгрегордой басыптыр. Казак тестиердин жылмаюу чакырган видеосу

© REUTERS / Adam Hunger-USA TODAY Sports / File PhotoИрландиялык МА мушкери Конор Макгрегор. Архив
Ирландиялык МА мушкери Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атаандашын жеңген бала өзүн Макгрегор сезип, аны туурап, күйөрмандарынын кол чабуусуна арзыган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Интернет айдыңына ММА мушкери Конор Макгрегорду туурап баскан казакстандык кичинекей спортчунун видеосу тарады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Sports.kz сайтынын билдиргенине караганда, грек-рим күрөшү боюнча өткөн турнирде казакстандык кичинекей "Макгрегор" өзүнүн кумиринин басканын туурап, ошол жерди бир айланып чыккан. Бул учурда анын күйөрмандары кол чаап, куттуктап, колдоп турганын көрүүгө болот.

Макгрегордун басканын YouTube каналынан көрүүгө болот.

Эске салсак, ММА мушкери Конор Макгрегор акыркы беттешинде атаандашы Хабиб Нурмагомедовдон жеңилип калган. Бул беттешти кылымдын кармашы деп да атап жиберишкен. Россиялык Нурмагомедов ирландиядык Макгрегорду төртүнчү раундда "муунтуп", беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0