Чатырга тоңгон муз өтүп бараткан аялдын өмүрүн алып кетти. Алматыдагы трагедия

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМуз. Архив
Муз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда полиция кызматы бул окуяны кокустук катары карап жатат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Алматы шаарындагы райондордун биринде үйдүн 11-кабатынан түшкөн муз жерде өтүп бара жаткан аялга тийип, ал ошол жерден жан берген. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Окуя кечээ түш ченде болгон. Полициянын алдын ала айтылган маалыматтарына караганда, муз Adal Residence деп аталган комплекстен түшкөн.

Трагедия элдин көзүнчө болгондуктан, алар окуяны видего тартып алган. 

"Анын кошуна үйдө жашай турганы аныкталды. 60 жаштагы аял ошол жерден көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге келген ыкчам иликтөө тобу окуяны сотко чейинки иштерди каттоо китебине киргизип, кокустук катары каттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0