Казакстанда көмүр алганы барган дзюдо боюнча чемпион киши колдуу болду

Жазылуу
Кылмышка шектүү катары 24 жаштагы жигит кармалды.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Казакстандын Семей шаарында көмүргө кезекке турган жеринде Казакстандын экс-чемпиону Жасулан Абиев киши колдуу болгонун Tengrinews.kz. басылмасынын кабарчысы билдирди.

Каргашалуу окуя 12-ноябрда болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Каражырада көмүр алуу үчүн кезекке турган эки эркектин ортосунда чыр чыккан. Натыйжада семейлик дзюдочу башынан жаракат алып көз жумган.

"Степное айылынын тургунунун өлүмү боюнча сотко чейинки тергөө башталды. Издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 24 жаштагы жигит колго түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жасулан Абиев — республикалык чемпионаттардын жана эл аралык турнирлердин көп жолку чемпиону болгон. 2010-жылга чейин спортто жүргөн Абиев кийин ишкерликке өтүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0