Тажикстанда Рогун ГЭСи ишке берилди

© Фото / пресс-служба президента ТаджикистанаТажикстанда Рогун ГЭСи ишке берилди. Анын ачылыш аземине өлкө президенти Эмомали Рахмон катышты
Тажикстанда Рогун ГЭСи ишке берилди. Анын ачылыш аземине өлкө президенти Эмомали Рахмон катышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рогунду куруу иштери совет убагында, тагыраагы, 1976-жылдары эле башталган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Тажикстанда Рогун ГЭСи ишке берилди. Анын ачылыш аземине өлкө президенти Эмомали Рахмон катышты. Бул туурасында Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги жазды.

Рахмон майрамдын шарапаты менен Рогун гидроэлектр станциясы менен өлкөнүн башкы энергетикалык системасын бириктирип турган ЛЭП 500-кВ "Душанбе-Оби гарм" жана электр энергиясын аймактарга бөлүштүрө турчу КРУЭ-500дү эксплуатацияга берди.

Андан соң президент Рогундун символикалуу баскычын басып, объекттин иштешине буйрук берген.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: электр энергиясын кымбаттатуу боюнча маселе көтөрүлгөн жок
Иш-чарага курулушчулар, инженерлер, эмгектин ардагерлери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле Өзбекстан, Россия, Кыргызстан, Афганистан, Италиянын делегациялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, чет элдик жана жергиликтүү журналисттер катышкан.

Рогунду куруу иштери совет убагында, тагыраагы, 1976-жылдары эле башталган. Долбоордун маалыматы боюнча, гидроэлектр станциянын платинасы дүйнөдө эң бийик болуп саналмакчы.

Маалыматта өлкө башчы Рогун ГЭСинин кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0