Элчи: Тажикстандагы тыйын чычкандардын түбү Кыргызстандан

Жазылуу
Тыйын чычкандарды Душанбе Ботаникалык бакчасынын жетекчисинин сунушу менен алып келишкен. Алардын бешөө тең Ысык-Көлдөн алынган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Тажикстанда жашаган тыйын чычкандардын түбү Кыргызстандан экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди.

Ниязов Тажикстанда Кыргызстандын элчиси катары 2002-2005 жылдары иштеп, 2014-жылдан тарта кайра кызматына киришкен.

"Биздин элчиликтин имараты Ботаникалык бактын жанында болгондуктан бир аз кол кабыш кылып турчубуз. Бир ирет жетекчиси бурундук менен тыйын чычкан алып келип беришибизди өтүндү. Бирок бизге бурундуктарды табуу кыйын болду. Бул окуя 2003-2004 жылдары болгон. Менин тапшырмам менен Ысык-Көлдөгү коруктан алты тыйын чычкан кармалды эле, жолдон бирөөсү өлүп калып, калганы Душанбеге келген. Алардын экөө эркек, үчөө ургачы болчу", — деди Ниязов.

Анын айтымында, учурда тыйын чычкандар көбөйгөн.

Ысык-Көл облусундагы тоолорго коюлган фотокапканга ак илбирс түшүп калды. - Sputnik Кыргызстан
Телмире тиктеген ак илбирс. Ысык-Көлдөгү фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар
"Азыр ал тууралуу бардыгынын эле эсинде жок. Жашоочулар жаныбарды аябай жакшы көрүшөт, өзгөчө балдардын эрмеги. Бирок Тажикстанда Орто Азия мамлекеттери сыяктуу эле тыйын чычкан болбогонун билишибиз керек. Маселен, бизге Алтайдан алынып келген", — деп кошумчалады элчи.

Буга чейин эколог Эмил Шүкүров Кыргызстандагы тыйын чычкандар Казакстандан алынып келгенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0