Автобуста тирүүлөй өрттөнгөн 52 киши. Казакстандын соту өкүм чыгарды

© Фото / Комитет по ЧС МВД Казахстана / Медиабанкка өтүүБолее 50 человек погибли в загоревшемся автобусе в Казахстане
Более 50 человек погибли в загоревшемся автобусе в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот үч айдоочуну жана фирманын жетекчиси менен механигин жазага тарткан.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын 52 жараны күйүп кеткен автобустун айдоочусуна карата Актөбө соту өкүм чыгарды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Эскертке кетсек, ушул жылдын 18-январь күнү Казакстандын Актөбө облусундагы Иргиз районунда эл ташыган "Икарус" автобусу өрттөнүп кеткен. Анын ичинде Казань шаарына иштегени бара жаткан 54 өзбекстандык болгон. Алардын экөө куткарылып жана үч айдоочу (Казакстандын жарандары) аман калган.

© Sputnik / Дмитрий МатвеевӨзбекстандын 52 жараны күйүп кеткен автобустун айдоочусуна карата Актөбө соту өкүм чыгарды.
Өзбекстандын 52 жараны күйүп кеткен автобустун айдоочусуна карата Актөбө соту өкүм чыгарды. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өзбекстандын 52 жараны күйүп кеткен автобустун айдоочусуна карата Актөбө соту өкүм чыгарды.
© Sputnik / Дмитрий МатвеевСот айдоочуларды өрт коопсуздугу боюнча талаптарды жана транспорт айдоо эрежелерин бузганы боюнча айыптуу деп тапкан.
Сот айдоочуларды өрт коопсуздугу боюнча талаптарды жана транспорт айдоо эрежелерин бузганы боюнча айыптуу деп тапкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Сот айдоочуларды өрт коопсуздугу боюнча талаптарды жана транспорт айдоо эрежелерин бузганы боюнча айыптуу деп тапкан.
© Sputnik / Дмитрий МатвеевҮч айдоочу тең беш жылга эркинен ажыратылып, жети жыл бою унаа айдоого тыюу салынды.
Үч айдоочу тең беш жылга эркинен ажыратылып, жети жыл бою унаа айдоого тыюу салынды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Үч айдоочу тең беш жылга эркинен ажыратылып, жети жыл бою унаа айдоого тыюу салынды.
1/3
Өзбекстандын 52 жараны күйүп кеткен автобустун айдоочусуна карата Актөбө соту өкүм чыгарды.
2/3
Сот айдоочуларды өрт коопсуздугу боюнча талаптарды жана транспорт айдоо эрежелерин бузганы боюнча айыптуу деп тапкан.
3/3
Үч айдоочу тең беш жылга эркинен ажыратылып, жети жыл бою унаа айдоого тыюу салынды.

Сот айдоочуларды өрт коопсуздугу боюнча талаптарды жана транспорт айдоо эрежелерин бузганы боюнча айыптуу деп тапкан. Үч айдоочу тең беш жылга эркинен ажыратылып, жети жыл бою унаа айдоого тыюу салынды.

Ал эми автобусту тескеген ТОО "Азия транзит" фирмасынын түптөөчүсү жана механик 3,5 жылга кесилди. Соттолгондор каза болгон ар бир жарандын үй-бүлөсүнө эки миллион теңге (болжол менен 370 миң сом) моралдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Автобуста эмне болгон

Московский международный фестиваль Прометей - Sputnik Кыргызстан
Күйөөсүн балдарынын көзүнчө тирүүлөй өрттөгөн. Октябрдагы чуулуу окуялар
Сотто аныкталгандай, Шымкенттен чыккан эл ташуучу автобус 18-январда саат 10.20да Актөбө облусунун Иргиз районунда бара жатып, дизель майы тоңуп калгандыктан токтогон. Айдоочулардын бири өрт коопсуздугу боюнча эрежени бузуп, автобустун ичинде каңдоочу лампаны күйгүзгөн. Андан соң ал дагы бир айдоочу экөө сыртка чыгып кеткен. Лампанын 35-40 сантиметр ары жагында идиште дизель майы турган. Ошодон жалын тутанып автобус күйүп кеткен.

Белгилүү болгондой, унаа ичинде авариялык учурда колдонула турчу балка жана өрт өчүрүүчү каражаттар жок болгон. Авариялык чыгуулар иштебегендиктен, жүргүнчүлөр чыга албай калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0