Астанада Кыргызстан менен Казакстандын коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү жолукту

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүВиды Астаны
Виды Астаны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки жолугушуу 2019-жылы Кыргызстанда өткөрүлөт.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кечээ, 7-ноябрда, Казакстандын Коопсуздук кеңешинин аппараты менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ортосунда эки тараптуу консультативдик жолугушуу өттү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Габит Байжанов бул жолугушууну өткөрүү демилгесин ишке ашыргандыгы үчүн кыргыз кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

"Жолугушууда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана транс чек аралык кылмыштарга каршы күрөшүү, диний экстремизмге жана терроризмге жол бербөө аракеттери талкууланды. Ошондой эле эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу маселелери талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташуу зарылчылыгын баса белгилешкен.

Кийинки жолугушуу 2019-жылы Кыргызстанда өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0