Тажикстандын Хорог шаарында атышуу болуп, азыр митинг өтүп жатат

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүГород Хорог Таджикистана
Город Хорог Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулардын айтымында, жаш балдардын тобу МАИ постторунун ишине тоскоолдук жаратууга аракет кылышкан.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун борбору Хорог шаарынын администрация имаратынын алдында жергиликтүү тургундар каршылык акциясын өткөрүп жатканын Sputnik Тажикстан агенттиги шаар тургунуна таянуу менен жазып чыкты. 

Акция бүгүн күндүз, жергиликтүү тургундар менен полициянын ортосунда 5-ноябрга караган түнү болгон атышуудан кийин башталган. Анын кесепетинен бир нече адам жабыркаган. 

Ондогон киши шаардан МАИ постторун алып салууну, укук коргоочулардын кошумча аскер күчтөрүн чыгарууну жана түнкү атышууга күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып жатат.

Чогулгандарга облус жетекчисинин милдетин аткаруучу Ёдгор Файзов чыкты.

Буга чейин, 5-ноябрга караган түнү полиция кызматкерлери менен Хорогдун жашоочуларынын ортосунда ок атышуу болгон.

Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча жаш балдар кылмыштуу топтун лидери Хурсанд Мазоровдун жетеги астында шаардагы МАИ постторун жабууга аракет кылган.

Билдирүүдө балдар пост жетекчилеринин унаасына кол салып, натыйжада ок чыкканы жазылат. Коргонуу үчүн ал пневматикалык куралдан ок чыгарууга аргасыз болгон. Кылмышкерлер ушундан кийин из суутуп кетет.

Ушу тапта Хорогдо МАИнин алты расмий посту иш алып барат. Алар Афганистандан Тажикстандын аймагына баңгизат менен курал-жарак ташууга тоскоолдук жаратып келгени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0