Өзбекстан таштандыдан электр энергиясын ала баштайт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТаштанды полигону. Архив
Таштанды полигону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн Ташкент облусундагы "Ахангаран" жана "Майдонтол" полигондорундагы таштандыдан алынган газ колдонулат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өзбекстанда таштандылардан бөлүп алган газдан электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча долбоорду Sejin G&E деп аталган түштүк кореялык компания ишке ашыра баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.

Ситуация после выборов президента в Республике Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёевдин тапшырмасы сөз бойдон калбаш үчүн Өзбекстанда жаңы токтом ишке кирди
Электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн Ташкент облусундагы "Ахангаран" жана "Майдонтол" полигондорундагы таштандыдан алынган газ колдонулат.

Долбоордун негизги максаты — Ташкент облусунун экологиялык абалын жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу.

Sejin G&E компаниясы бул аймакта 100 пайыз чет элдик капитал менен ишкана ачып, 2018-2020-жылдары 55 миллион доллар инвестиция тартууну пландап жатат.

Эки полигондо бардыгы болуп жалпы кубаттуулугу 16 МВттык 12 генератор орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0